ПостановлениеДействует

Куйручук-Кызарт айылдык кеӊешинин 2026-жылдын 21-августундагы «Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Кызарт айылынын»Ак-Чий«участкасындагы»Кум-Арык«арыгын айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алуу жана Жумгал райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө» №12/3 токтому

Редакцияот 21.08.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 21-августу №12/3

   

  Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Кызарт айылынын “Ак-Чий” участкасындагы “Кум-Арык” арыгын айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алуу жана Жумгал райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин     2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомунун негизинде, Куйручук-Кызарт айылдык кеӊеши, токтом кылат:

 

1.    Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Кызарт айылынын “Ак-Чий” участкасындагы “Кум-Арык” арыгы айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алынсын; 

2.    Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Кызарт айылынын “Ак-Чий” участкасындагы “Кум-Арык” арыгынын тиешелүү иш кагаздары даярдалып, Суу ресурстары кызматынын Жумгал райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилсин; 

3.    Бул токтом Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн kuyruchuk-kyzart.gov.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын;

4.    Айылдык кеӊештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү Ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жиберилсин;

5.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет;

6.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Санташовго жүктөлсүн.

    Төрага

Уланбек уулу Жыргалбек