ПостановлениеДействует

Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-августу № 8-3-2 «Разрез Мин-Куш» ЖЧКсы Мин-Куш айыл аймагынын Мин-Куш кенинин Туракабак «Северный» (Западный фланг) тилкесиндеги жеринен көмүр казуу жөнүндө" токтому

Редакцияот 16.08.2021
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) №3- кезексиз сессиясы

 

2021-жылдын 16-августу № 8-3-2

 

 

"Разрез Мин-Куш” ЖЧКсы Мин-Куш айыл аймагынын Мин-Куш кенинин Туракабак “Северный" (Западный фланг) тилкесиндеги жеринен көмүр казуу жөнүндө

 

2021-жылдын 25-майындагы (Кириш №36) "Разрез Мин-Куш" жоопкерчилиги чектелген коомдун катын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин "Разрез Мин-Куш" жоопкерчилиги чектелген коомуна берилген 6680 СЕ лицензиясынын карап чыгып жана КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 токтому менен бекитилген "Жер казынасы” жөнүндөгу мыйзамын жана “Жер жөнүндө” кодексин эске алып Мин-Куш айылдык кеңешинин кезексиз 3-сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:

 

 

1. "Разрез Мин-Куш" жоопкерчилиги чектелген коому 2020-жылдын 24- августунда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча Мамлекеттик комитетинен берилген №6680 СЕ лицензиясынын №2 лицензиялык келишиминин негизинде Мин-Куш айыл аймагынын көмүрдү казып иштетүү иштерин жүргүзүүгө пайдаланууга сураган кайрылуусунун негизинде

2. Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы" мыйзамынын талаптарына ылайык, лицензиялык келишиминин негизинде жана кепилдик каттынын негизинде Мин-Куш айылынын Туракабак "Северный” (Западный фланг) тарабынан уруксат берилсин. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган расмий иш кагаздарын берүүсү Мин-Куш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мин-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Алманбетовго тапшырылсын

 

 

Төрага

 

А.Жапаров