ПостановлениеДействует

Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кенешинин 2021-жылдын 17-февралы № 27-2-3 «Мин-Куш айылынын өнүгүү стратегиялык долборууна өзгөртүүлөрдү киргизип жана»Жумгал өнүктүрүү«фондго долбоорлорду сунуштоо жөнүндө» токтому

Редакцияот 17.02.2021
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Мин-Куш айыл аймагынын айылдык Кенешинин (XXVII-чакырылышы) кезектеги 2-сессиясы

 

2021-жылдын 17-февралы № 27-2-3

 

Мин-Куш айылынын өнүгүү стратегиялык долборууна өзгөртүүлөрдү киргизип жана “Жумгал өнүктүрүү” фондго долбоорлорду сунуштоо жөнүндө

 

Мин-Куш айылдык аймактын кеңешинин XXVII-чакырылышындагы кезекеги 2 сессиясындагы Мин-Куш айылы боюнча коомдук угунун жыйынтыгынын негизинде 2018-2023-жылдын стратегиялык долбооруна алымча кошумчасы менен бекитүү жана 2,5 км кире бериш жерди жарыктандыруу, 16-17-20-21-аянтчага балдар ойноочу аянтча куруу жөнүндө айыл өкмөт К.Алманбетовдун сунушун угуп токтом кылат:

 

 

1. Мин-Куш айылынын өнүгүү стратегиялык долборууна коомдук угуунун жыйынтыгы менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

 

2. 16-17-20-21-аянтчага балдар ойноочу аянтча куруу жана 2,5км кире бериш жерди жарыктандыруу долбоору "Жумгал өнүктүрүү” фондго сунушталсын.

 

3. Долбоорду даярдап өткөрүүгө жетекчилик дайындалсын.

 

4. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мин-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Алманбетовго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

К.Сокуров