Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 26-августу № 95 «Кызыл-Ураан айылынын 41.712871, 73.283686 координатындагы жайытка тиешелүү 36м2 жер аянтын убактылуу ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 26-августу № 95
Кызыл-Ураан айылынын 41.712871, 73.283686 координатындагы жайытка тиешелүү 36м2 жер аянтын убактылуу ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Үч-Терек жайыт комитетинин бухгалтери Р.Жапаралиеванын Кызыл Ураан айылынын 41.712871, 73.283686 координатындагы жайыт жер аянтынан “Скай Мобайл” компаниясына мачта антеннасын орнотуу үчүн 36м2 жер аянтын ижарага берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек жайыт комитетинин бухгалтери Р.Жапаралиеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кызыл Ураан айылынын 41.712871, 73.283686 координатындагы жайыт жер аянтынан “Скай Мобайл” компаниясына мачта антеннасын орнотуу үчүн 36м2 жер аянтын келишимдин негизинде ижарага берүүгө макулдук берилсин.
3.“Скай Мобайл” компаниясы менен Мыйзам чегинде келишим түзүү жагы Жайыт комитетинин бухгалтери Р.Жапаралиевага милдеттендирилсин .
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: |
| А. Дөөлөткелдиев |