ПостановлениеДействует

Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 26-августу № 96 «Күн тийбес участкасындагы»Асел«чайханасынын күн чыгыш тарабынан 0,03га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 26.08.2022
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМ

 Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

2022-жылдын 26-августу  № 96

Күн тийбес участкасындагы “Асел” чайханасынын  күн чыгыш тарабынан 0,03га  жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө  макулдук берүү жөнүндө

 

Үч-Терек  айылынын тургуну Табалдиева Бурулга Күн –Тийбес участкасындагы “Асел” чайханасынын  күн чыгыш тарабынан,  №428 контурдагы 0,03га жер аянтын чайхананын аянтын кеңейтүү максатында кошуп алуу үчүн, багытын өзгөртүүгө  макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айылдык кеңешинин туруктуу комисссияларынын биргелешкен  отурумунун чечимин угуп жана талкуулап, Үч-Терек  айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги   XIII сессиясы  токтом кылат:

1.Үч-Терек  айылынын тургуну Табалдиева Бурулга Күн тийбес участкасындагы “Асел” чайханасынын күн чыгыш тарабынан №428 контурдагы 0,03га жер аянтынын  багытын өзгөртүүгө  макулдук берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

3. Бул токтом    www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө  кирет.

4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Үч-Терек айылдык кенешинин

 төрагасы:

 

 

А. Дөөлөткелдиев