ПостановлениеДействует

Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 26-августу № 98 «Үч-Терек айылындагы Бишкек –Ош автожолунун 323-чакырымындагы 0,05га муниципалдык менчикте турган жер аянтын аукционго коюп сатууга макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 26.08.2022
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМ

 Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

2022-жылдын 26-августу  № 98

Үч-Терек  айылындагы  Бишкек –Ош автожолунун  323-чакырымындагы  0,05га муниципалдык менчикте турган  жер аянтын аукционго коюп сатууга макулдук берүү жөнүндө

 

Үч-Терек айыл өкмөтүнүн  жер адиси М.Келгенбаевдин Үч-Терек  айылындагы Бишкек –Ош автожолунун  323-чакырымындагы  0,05га муниципалдык  менчикте турган  жер аянтын аукционго коюп сатууга  макулдук берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек  айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги   XIII сессиясы  токтом кылат:

1.  Үч-Терек айылындагы Бишкек –Ош автожолунун  323-чакырымындагы жолдун үстүнкү тарабындагы Акматбеков Акылдын жеринин күн батышындагы башкы пландагы 0,05 га муниципалдык менчикте турган жер аянтын   аукционго коюп сатууга макулдук берилсин.

 2. Аукционду мыйзам чегинде өткөрүүнү уюштуруу жагы Үч-Терек  айыл өкмөтүнүн  жер адиси М.Келгенбаевге милдеттендирилсин .

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кенешинин агрардык маселелер   боюнча  туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

4. Бул токтом   www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып   мыйзамдуу күчүнө  кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .

 

Үч-Терек айылдык кенешинин

 төрагасы:

 

 

А. Дөөлөткелдиев