Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 26-августу № 99 «Жетиген айылынын тургуну Абылкасымов Нурбекке этно эс алуу борборун куруу үчүн 1га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 26-августу № 99
Жетиген айылынын тургуну Абылкасымов Нурбекке этно эс алуу борборун куруу үчүн 1га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Үч-Терек айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун чечимин угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1. Жетиген айылынын тургуну Абылкасымов Нурбекке, Жетиген айылындагы Тар-Туулук каналынын үстүндөгү №4551 контурдагы бош жаткан жайыт жерге этно эс алуу борборун куруу үчүн, 1га жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: |
|
А. Дөөлөткелдиев |