Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 26-августу № 100 «Жер участогун убактылуу пайдаланууга акысыз берүү жөнүндө» токтому
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 26-августу № 100
Жер участогун убактылуу пайдаланууга акысыз берүү жөнүндө
КР нын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «КРдагы туризмди өнүктүрүү фонду” ачык акционердик коомунун 2022-жылдын 17-августундагы кайрылуу катын карап чыгып жана Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү фонду” ачык акционердик коомуна , Бишкек-Ош жолунун 327-328 чакырымынан 0,10га жайыт жер аянтын туризмди өнүктүрүү максатында «Рест-Поинт” инфра структуралык курулушун куруу үчүн 5 жылдык мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
2.Токтогул райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан «Рест-Поинт” инфра структуралык курулушун курууга архитектуралык жана санитардык нормаларга ылайык, тиешелүү иш кагаздарын берүү жагы суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: |
|
А. Дөөлөткелдиев |