Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 26-августу № 101 «Саргата айылындагы дыйкан чарбалардын сугат үлүшүн каттатуу жөнүндө» токтому
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 26-августу № 101
Саргата айылындагы дыйкан чарбалардын сугат үлүшүн каттатуу жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1. Саргата айылындагы Асанбай, Кашка-Терек, Таш-Башат,Төө-Жүгүн, Кара-Айгыр, Намаздык, Көк-Жар жана Түнкатар дыйкан чарбаларынын мүчөлөрүнүн сугат үлүшүн мамлекеттик Кадастр мекемесинен каттатууга макулдук берилсин.
2. Белгиленген дыйкан чарбалардын сугат үлүшүн каттатуу боюнча тиешелүү документацияларын бүткөрүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: |
|
А. Дөөлөткелдиев |