ПостановлениеДействует

Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 26-августу № 102 «Саргата айылынын тургуну Орозбек уулу Нуртилекке ишкана ачуу үчүн 0,10 га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 26.08.2022
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМ

 Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

2022-жылдын 26-августу  № 102

 Саргата айылынын тургуну Орозбек уулу Нуртилекке ишкана  ачуу үчүн 0,10 га  жайыт  жер  аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук   берүү жөнүндө

 

Саргата  айылынын тургуну Орозбек уулу Нуртилекке ишкана  ачуу үчүн 0,10 га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук  берүү жөнүндөгү, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин  кезектеги XIII  сессиясы токтом кылат:

1. Саргата   айылынын тургуну Орозбек уулу Нуртилекке, ишкерлик кылуу максатында ишкана куруу үчүн, Ош-Бишкек автожолунун 318-чакырымындагы аялдаманын күн батыш тарабынан 0,10га  жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө  макулдук берилсин.              

2. Бул токтом    www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө  кирет.

3.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Үч-Терек айылдык кенешинин

 төрагасы:

 

 

А. Дөөлөткелдиев