Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 26-августу № 105 «Камбар –Ата шаарчасынын тургуну Көкүмов Эмилбекке ишкана ачуу үчүн 0,10га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 26-августу № 105
Камбар –Ата шаарчасынын тургуну Көкүмов Эмилбекке ишкана ачуу үчүн 0,10га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1. Камбар –Ата шаарчасынын тургуну, жеке ишкер Көкүмов Эмилбекке ишкана ачуу үчүн, Бишкек-Ош авто жолунун 328-329-чакырымындагы Камбар-Ата шаарчасынын бурулушунан, остановканын күн батыш тарабынан №22 контурдагы 0,10га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: |
|
А. Дөөлөткелдиев |