УказДействует

Указ Президента КР от 28 октября 2021 года УП № 496 «О награждении государственной наградой Кыргызской Республики»

Редакцияот 28.10.2021
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2021-жылдын 28-октябры ПЖ № 496

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлоо жөнүндө

Кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, кылмыштуулукка каршы күрөшүү ишине жана коомдук тартипти камсыздоого кошкон олуттуу салымы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын милиция кызматкеринин күнүн майрамдоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

 

Абитов Женишбек Эсеналиевич

-

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги;

Бабаяров Эркинбек Абдипаттаевич

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин финансы-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары, финансы-экономикалык иштер башкармалыгынын начальнигинин милдеттерин убактылуу аткаруучу, милициянын полковниги;

Бердибаев Руслан Жанышбекович

-

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын бөлүмчөсүнүн начальнигинин орун басары - контролдоо-методикалык бөлүмчөсүнүн начальниги, милициянын подполковниги;

Джумашев Нурлан Токтобекович

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин катчылыгынын башкы адиси, милициянын отставкадагы полковниги;

Мамбетов Асылбек Жапарович

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын экинчи башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги;

Токтоналиев Рашид Рустиванович

-

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын инспектору, милициянын майору;

Шейшеева Айнура Эмильбековна

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын талдоо, пландоо жана контролдоо тобунун улук инспектору - медициналык айымы, милициянын улук лейтенанты.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров