Распоряжение Кабинета Министров Кр от 14 января 2022 года № 10-р предложение открытого акционерного общества «Кыргызтелеком» о передаче в государственную собственность зданий
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2021-жылдын 14-январы № 10-т
“Акционердик коомдук жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2011, 2017, 2018 жана 2019-жылдарда акциялардын мамлекеттик пакетине чегерилген дивиденддер боюнча карыздарды жабуу эсебине Бишкек шаары, Аламүдүн-1 кичирайону, 9/2 жана Тыныстанов көчөсү, 6а дареги боюнча жайгашкан имараттарын мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү жөнүндө “Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун сунушуна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
Төрага | А. У. Жапаров |