УказДействует

Указ Президента КР от 28 февраля 2022 года УП № 67 «О награждении государственными наградами Кыргызской Республики»

Редакцияот 28.02.2022
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2022-жылдын 28-февралы ПЖ № 67

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө

Республиканын көркөм сүрөт искусствосун өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргызстан элинин руханий маданиятын байытууга олуттуу салым кошкондугу үчүн:

ыйгарылсын:

"Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү" ардак наамы:

Матаев Жусупка

-

сүрөтчү, С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын окутуучусу;

Джайчибеков Бекбосун Карабековичке

-

сүрөтчү, "Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу" коомдук бирикмесинин мүчөсү;

"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" ардак наамы

Айдарбеков Эдилге

-

Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин архитектура кафедрасынын улук окутуучусу.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров