УказДействует

Указ Президента КР от 20 июля 2022 года УП № 245 «О досрочном прекращении полномочий судьи местного суда Кыргызской Республики»

Редакцияот 20.07.2022
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 2022-жылдын 20-июлу ПЖ № 245

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

1. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Батырбеков Жаналы Мамытович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызматынан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, анын ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

С.Н. Жапаров