Распоряжение Кабинета Министров КР от 18 февраля 2022 года № 78-р (О принятии в государственную собственность внутрихозяйственного канала «Тараша»)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 18-февралы № 78-т
Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Чоң-Алай айыл аймагынын суу пайдалануучуларынын сугат суусуна байланышкан көйгөйлөрүн чечүү максатында, Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 9-февралындагы № 2 токтомун, Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 9-февралындагы № 5 токтомун көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган ички чарбалык "Тараша" каналын мамлекеттин менчигине кабыл алсын;
- аталган каналды Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы:
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн каналды оперативдүү башкарууга кабыл алсын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталышын жана максаттуу багыты боюнча пайдаланылышын камсыз кылсын, каналдын баланстык наркын баалоону жүргүзсүн;
- ушул тескемеден келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн;
- эксплуатациялык иш-чараларды 2022-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |