ПостановлениеДействует

Чаувайский айылный кеңешинин 2020-жылдын 29-декабрындагы № 31/4 «Чаувай айылдык кеңешинде айылдык аймактын коэффициентин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 29.12.2020
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чаувай айыл кеңешинин V1-чакырылыш кезексиз ХХХ1 сессиясы

 

2020-жылдын 29-декабры № 31/4

Чаувай айылдык кеңешинде айылдык аймактын  коэффициентин бекитүү   жөнүндө

Чаувай айылдык   Кеңешинин кезектеги чакырылган  31-сессиясынын күн тартибиндеги  төртүнчү маселени карап чыгып, талкуулап Чаувай  айылдык  Кеңеши төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Чаувай айыл  аймагында  кыймылсыз  мүлккө коюулуучу салыктык коэффициент 1,0 болуп  бекитилсин.

2.    Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин  189- статьясындагы  калк жашаган  пункттардын  аймагынан таштандыларды  алып чыгуу  үчүн  жыйымы  киргизилсин. Жыйымдын өлчөмү  100 сомдон болуп белгиленсин.

3.    Чаувай айыл аймагынын  аймагында киргизилген  жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын өз убагында өндүрүлүп,бюджеттин киреши бөлүгүнө  чегерилишин  жана  аткарылышын  көзөмөлдөө айыл аймагынын  салык боюнча адиси С.Шамшиевге жүктөлсүн.

 

Чаувай айылдык кеңешинин Төрага

Ж.Тешебаев