ПостановлениеДействует

Чаувай айылдык кеңешинин 2020-жылдын 29-декабрындагы № 31/5 «Чаувай айыл аймагындагы Б.Кулбаев орто мектебинин чатырын капиталдык ремонттоо үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 29.12.2020
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чаувай айыл кеңешинин V1-чакырылыш кезексиз ХХХ1 сессиясы

 

2020-жылдын 29-декабры № 31/5

Чаувай айыл аймагындагы

Б.Кулбаев орто мектебинин

чатырын  капиталдык ремонттоо үчүн

акча каражатын бөлүү

жөнүндө

 

Чаувай айылдык Кеңешинин кезектеги чакырылган 31-сессиясынын күн тартибиндеги маселени карап чыгып, талкуулап Чаувай айылдык Кеңеши төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Чаувай айыл аймагындагы  Б.Кулбаев орто мектебинин Чатырын капиталдык ремонттоо үчүн айыл өкмөтүнөн 500 миң 315сом акча каражатын 2021-жылдын бюджетине бекитилсин.

Каралган акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет,экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чаувай айылдык кеңешинин Төрага

Ж.Тешебаев