ПостановлениеДействует

2021-жылдын 12-февралындагы № 1 Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2021-жылдын бюджетин жана 2022-2023-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө токтом

Редакцияот 12.02.2021
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(XXIX-чакырылышынын) кезектеги XXXV-сессиясы

2021-жылдын 12-февралы № 1

Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2021-жылдын бюджетин жана 2022-2023-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө.

Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2021-жылдын бюджетин жана 2022-2023-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү боюнча, Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:

1.  Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин жалпы кирешесинин 26400.5  миң сомго, чыгашалар бөлүгү 26406.4 миң сом өлчөмүндө аткарылышы бекитилсин.

2. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин: киреше чыгаша бөлүгү  Салык кирешелеринин көлөмү 26650,5 миң сом, салык эмес кирешелердин көлөмү 2210,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин божомолунун киреше-чыгаша бөлүгү 30089.5 миң сом, 2023-жылдагы бюджетинин  божомолунун киреше-чыгаша бөлүгү 31069.5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

У.Жунушалиев