Постановление Жогорку Кенеша КР от 22 декабря 2021 года 5047-VI О внесении изменений в постановление Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 22 июля 2021 года № 4757-VI «Об образовании согласительной группы для выработки согласованного варианта Закона Кыргызской Республики»О ремесленной деятельности в Кыргызской Республике«, возвращенного с возражением Президента Кыргызской Республики»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-декабры № 5047-VI
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-июлундагы № 4757-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-июлундагы № 4757-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктта:
- 3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Абытов Алмасбек Ахунжанович -Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү;".
- 5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) Алиев Бекболот Абдыганыевич - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары.".
Төраганын орун басары | А.К. Касымалиева |