Жарыяланган 12 ноября 2026 г. · Закон
“Кыргыз Республикасынын аймагында кубаттандыруучу суусундуктардын жүгүртүлүшүн чектөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору
- Талкуу
- Сунуштарды кароо
- Аяктады
Талкуу · сунуштар 27.11.2026 чейин, 14 күн калды
Пикир калтырууТалкуу жүрүшү
Сунуштарды кабыл алуу: 12.11.2026 — 27.11.2026.
- ТалкууОпубликован
- Сунуштарды кароо · азырНа обсуждении
Алдыда:Сунуштарды карооАяктады
Сүрөттөмө жана максат
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын аймагында кубаттандыруучу суусундуктардын жүгүртүлүшүн чектөө жөнүндө» Мыйзамынын ушул долбоору (мындан ары – мыйзам долбоору) Кыргыз Республикасынын калкынын, биринчи кезекте балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун коргоо, кубаттандыруучу суусундуктардын адамдын организмине тийгизген терс таасиринин алдын алуу жана аны азайтуу, аларды колдонууга байланышкан оорулардын алдын алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында аталган суусундуктардын жүгүртүлүшүнө жана колдонулушуна укуктук чектөөлөрдү белгилөө максатында иштелип чыкты.
Мыйзам долбоорунун негизги милдеттери болуп Кыргыз Республикасынын аймагына кубаттандыруучу суусундуктарды алып кирүүгө, аларды өндүрүүгө, сатууга жана колдонууга тыюу салууну белгилөө, алардын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн…