Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен бекитилсин |
Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 613, Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-майындагы № 277 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускама (мындан ары - Нускама) мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун иштеп чыгуучу адамдар (мындан ары - эксперттер) үчүн практикалык колдонмо болуп саналат.
2. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун (мындан ары - мыйзам алдындагы акты) иштеп чыгууга жана аларды тариздөөгө талаптарды аныктайт.
3. Ушул Нускаманын максаты мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун тариздөөдө жана укуктун ченемдерин иштеп чыгуу, өзгөртүү жана токтотуу эрежелерин колдонууда бир түрдүүлүктү сактоо жолу менен мыйзам алдындагы актылардын сапатын камсыздоо болуп саналат.
1-глава. Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлоруна жалпы талаптар
4. Ушул Нускама түзүмдүк таризделишине, мыйзам алдындагы актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибине, мыйзам алдындагы актылардын жана алардын түзүмдүк элементтеринин колдонулушунун токтотулушуна, мыйзам алдындагы актылардын долбоорлоруна коштомо документтердин таризделишине талаптарды камтыйт.
5. Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу төмөнкү принциптерге негизделет:
1) жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо;
2) мыйзамдуулук;
3) негиздүүлүк;
4) максатка ылайыктуулук;
5) адилеттүүлүк;
6) айкындуулук;
7) мыйзам алдындагы актынын тилинин жеткиликтүүлүгү.
6. Бир мыйзам алдындагы акт:
1) коомдук мамилелерди жаңыдан жөнгө салууну белгилей алат;