|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 405 токтому менен бекитилген |
Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы (мындан ары - Консерватория) Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүчү уюму болуп саналат, анын иши музыка өнөрү жагында жогорку кесиптик билим, жогорку окуу жайынан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү программаларын жүзөгө ашырууга багытталган.
2. Консерватория мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат. Менчигинин түрү - мамлекеттик. Консерваториянын мамлекеттик менчик болуп саналган, оперативдүү башкаруу укугунда өзүнчө мүлкү, өз алдынча балансы, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн толук аталышы жазылган, идентификациялык салык органы көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, штамптары, бланктары жана эмблемасы жана жекелештирүүнүн башка каражаттары бар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Консерватория өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана "Билим берүү жөнүндө", "Маданият жөнүндө" мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Консерватория өз атынан мүлктүк жана жекече мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, ишке ашырууга, сотто доочу жана жоопкер катары чыгууга, юридикалык жана жеке адамдар менен келишимдерди жана бүтүмдөрдү түзүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздерде жана тартипте өз милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликтүү болууга укуктуу.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети консерваториянын уюштуруучусу болуп саналат.
Консерватория Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) ведомстволук жогорку окуу жайы болуп саналат, ал анын ишин координациялайт жана контролдойт.
Консерваториядагы билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнө жана сапатына мамлекеттик контролду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары - билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу орган) жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Консерваториянын расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы";
- расмий тилде - "Кыргызская национальная консерватория имени Калыя Молдобасанова";
- англис тилинде - "Kyrgyz national conservatory named after Kalyi Moldobasanov".
Кыскартылган аталыштары:
- мамлекеттик тилде - "КУК";
- расмий тиле - "КНК";
- англис тилинде - "КNC".
7. Консерваториянын юридикалык дареги: 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жантөшев көчөсү, 115.
2. Консерваториянын ишинин максаттары жана милдеттери
8. Консерваториянын ишинин максаты музыка өнөрү жаатындагы жогорку кесиптик билим берүү аркылуу Кыргыз Республикасында музыкалык билим берүү, музыка таануу илимин жана музыкалык маданиятты өнүктүрүү болуп саналат.
9. Консерваториянын милдеттери:
- тандаган кесиби боюнча жогору квалификациялуу адистерди даярдоо;
- инсанды интеллектуалдык, руханий-адептик жана дене бой жагынан өсүп-өнүктүрүү, тарбиялоо;
- музыка таануу, фольклористика, музыкалык педагогика, музыкалык чыгармачылык жана аткаруучулук жагында илим-изилдөө жана илимий-методикалык иштерди аткаруу;
- музыкалык көркөм өнөр адистерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
- улуттук жана дүйнөлүк музыкалык маданият чөйрөсүндө коомдун маданий жана илимий дөөлөттөрүн топтоо, сактоо жана өнүктүрүү;
- калктын маданий-билим деңгээлин жогорулатуу жана анын руханий суроо-талаптарын канааттандыруу максатында музыкалык-агартуу иштерин жүргүзүү.
10. Консерватория мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү укугуна лицензия менен белгиленген даярдоонун (адистиктердин) багыттары боюнча жогорку, ЖОЖдон кийинки кесиптик жана кошумча билим берүү программаларын жүзөгө ашырат.
11. Консерваторияда окуу-методикалык, илим-изилдөө, концерттик жана чыгармачылык иш Окумуштуулар кеңешинин рекомендациясы боюнча ректор бекиткен тематикалык пландарга ылайык жүргүзүлөт.
12. Консерватория негизги ишинин алкагында фундаменталдык жана колдонмо илим изилдөө иштерин жүргүзөт. Изилдөөлөр келишимдик негизде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте башка булактардын эсебинен каржыланышы мүмкүн.
13. Консерватория Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик жана башка билим берүү, концерттик, илимий программаларга катышат.
14. Консерватория республикалык (улуттук), эл аралык, шаардык жана профилдик илимий-практикалык конференцияларды, симпозиумдарды, концерттерди, ошондой эле кеңешмелерди, жолугушууларды жана ЖОЖдун ишинин чегинде башка кесиптик маалыматтарды алмашуунун башка формаларын уюштурат.
15. Консерватория Илимий кеңештин чечимине ылайык илимий эмгектерди, окуу куралдарын, илимий-популярдуу адабияттарды жана ноталарды жарыялоо менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында басма ишин жүргүзөт.
16. Консерваториянын концерттик ишинин негизги формасы болуп студенттердин, окутуучулардын, ошондой эле Консерваториянын ар кандай чыгармачыл жамааттарынын өлкөдөгү жана андан тышкары жердеги жеке концерттери саналат.