Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2017-жылдын 20-июну № 391

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-февралындагы № 120 «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун акчалай каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-февралындагы № 120 «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жободо:

- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

« - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атыпап сыйлоого байланышкан иш-чараларды каржылоого;».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков