Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-августу № 471 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2017-2020-жылдарда жаштар саясатын өнүктүрүү» программасы
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдар мезгилинде Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына (мындан ары – ТӨУС) ылайык, жаштар саясаты жаштар – коомун өнүктүрүүнүн маанилүү ресурсун калыптандыруучу негизги инструменттердин бири болуп саналат. Коомдун дал ушул бөлүгү мобилдүүлүктүн, интеллектуалдык активдүүлүктүн, ден соолуктун, жаңыны кабылдоого даярдыктын, өлкөнүн келечегине салым кошууга умтулуунун жогорку деңгээлине ээ. Жигердүү социалдашуу мезгилиндеги жаштар колдо болгон потенциалын ишке ашыруу үчүн мамлекеттин жана коомдун таасирдүү колдоосуна муктаж. Андыктан, Кыргызстанда учурдагы жаштар саясаты жаш адамдардын позитивдүү жигердүүлүгүнө түрткү берүүгө, алардын алдында турган чакырыктарды жана көйгөйлөрдү өз алдынча чечүү үчүн шарттарды түзүүгө негизделген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1053-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ишеним жана биримдик” программасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өсүп келе жаткан муундун арасында сергек жашоону жана массалык спортту даңазалоого, толук баалуу инсанды жана жаранды калыптандырууга өзгөчө көңүл бурушу керек. Жаштардын өз максаттарына жетишүүсүнө көмөк көрсөтүү боюнча программалар, анын ичинде спорттук, маданий-эстетикалык, социалдык-коомдук иштер аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш.
2015-жылдын 25-сентябрында БУУга мүчө мамлекеттер тарабынан 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү жаатындагы күн тартиби кабыл алынды. Ал жакырчылыкты жоюуга, планетанын ресурстарын сактап калууга жана бардык адамдар үчүн бакубаттуулукту камсыз кылууга багытталган бир катар максаттарды камтыйт. 17 максаттын ар бири 15 жыл ичинде жетишүүгө тийиш болгон бир катар көрсөткүчтөрдү камтыйт. Туруктуу өнүктүрүү жаатындагы максаттарга жетишүү үчүн өкмөттөрдүн, жеке сектордун, жарандык коомдун биргелешкен күч-аракеттери зарыл. Ийгиликтин маанилүү фактору жаштарды бул багытка тартуу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 14төн 28 жашка чейинки курактагы адамдар жаштарга кирет. Кыргыз Республикасында 2016-жылы жаштардын саны 1,6 миллионго (калктын 27%ы) жакын адамды түзгөн. Эркектер 49,5%, аялдар 50,5% түзүшөт. 2015-жылга салыштырганда өлкөдө жаштардын санынын төмөндөгөндүгү байкалууда. Жаштардын 2/3 бөлүгү айыл жерлеринде жашашат.
Жаш муундун (16дан 24 жашка чейинки жаштагы жаш адамдардын) адамдык потенциалынын өнүгүү деңгээлин баалоочу жыйынды көрсөткүч – жаштарды өнүктүрүүнүн индекси боюнча Кыргызстан 2015-жылы 188 өлкөнүн ичинен 64-орунду ээледи. Багыттары боюнча: өмүрүнүн жана саламаттыгынын узундугу боюнча – 104-орун, билим берүү боюнча – 86-орун, иш менен камсыз кылуу боюнча – 86-орун, жарандык катышуу боюнча – 30-орун, саясий катышуу боюнча (чечимдерди кабыл алууга катышуу) – 90-орун.
Жаштар саясатынын жана Кыргыз Республикасынын жаштар чөйрөсүндөгү азыркы абалынын жыйынтыктарын талдоо жаңы ыкмалардын зарылдыгын көрсөттү, анткени жаштар көйгөйлөрү тармактык эмес, комплекстүү, өтмө-катар мүнөзгө ээ болуп жаш адамдардын турмушунун бардык чөйрөсүн камтыйт.
1. Чакырыктар
Кыргызстан жаштары үчүн көптөгөн чакырыктар актуалдуу, алардын ичинен кыйла маанилүүсү төмөнкүлөр болуп саналат:
- мыйзамдык негиздердин жана мамлекеттик жаштар саясатын башкаруу түзүмүнүн жетишсиздиги;
- жаштардын өз максаттарына жетишүүсү жана өз алдынча өнүгүүсү үчүн туруктуу шарттардын жетишсиздиги;
- жаштардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн системалык тоскоолдуктардын болушу;