Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР 2026-жылдын 16-июнундагы №90 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2002-жылдын 30-июлу № 133
Ички жер которуу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 16-октябрындагы № 144, 2011-жылдын 9-декабрындагы № 232, 2015-жылдын 27-январындагы № 27, 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2016-жылдын 22-июлу № 131, 2017-жылдын 28-июлундагы № 160, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2021-жылдын 25-февралындагы № 21, 2024-жылдын 15-февралындагы № 47, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180, 2026-жылдын 16-июнундагы № 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(Преамбула КР 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
I глава Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
ички жер которуу - Кыргыз Республикасынын жарандарынын ар кандай себептерден улам жашаган жерин туруктуу же убактылуу өзгөртүү максатында Кыргыз Республикасынын чегинде жер оодаруулары;
ички жер которуучу - Кыргыз Республикасынын чегинде ар кандай себептерден улам жашаган жерин туруктуу же убактылуу өзгөртүү максатында жер оодарган Кыргыз Республикасынын жараны;
аргасыз жер которуу - куралдуу кагылыш, массалык тартипсиздиктер, бөөдө кырсык, айлана-чөйрөнүн кескин начарлашы, экологиялык жана техногендик мүнөздөгү кыйроо жана адамдын иш-аракетинен улам келип чыккан башка авариялар жана кыйроолор сыяктуу өздөрүнүн өмүрүнө, саламаттыгына жана коопсуздугуна коркунуч туудурган жагдайлардан улам жарандардын Кыргыз Республикасынын чегинде жер оодаруулары;
аргасыз жер которуучу - куралдуу кагылыш, массалык тартипсиздиктер, бөөдө кырсык, айлана-чөйрөнүн кескин начарлашы, экологиялык жана техногендик мүнөздөгү кыйроо жана адамдын Кыргыз Республикасынын аймагындагы иш-аракетинен улам келип чыккан башка авариялар жана кыйроолор сыяктуу өздөрүнүн өмүрүнө, саламаттыгына жана коопсуздугуна коркунуч туудурган жагдайлардан улам өзүнүн жашаган жерин таштап Кыргыз Республикасынын чегинде жер оодарууга аргасыз болгон Кыргыз Республикасынын жараны;
(Абзац Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
жашаган жери - Кыргыз Республикасынын жараны туруктуу же узагыраак жашаган жери;
турган жери - Кыргыз Республикасынын жарандарынын туруктуу же артыкчылыктуу жашоосу үчүн арналбаган жер;