КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
2002-жылдын 30-июлу № 135
Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө
(КР 2003-жылдын 15-майындагы № 93, 2004-жылдын 11-июнундагы № 73, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2022-жылдын 9-августундагы № 90, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 1-сентябрындагы № 7-п токтому
Ушул Мыйзам соттон тышкаркы органдарды түзүү тартибин (мындан ары - бейтарап соттор) аныктайт, ошондой эле талаш-тартыштарды чечүү жагындагы алардын ишин (мындан ары - бейтарап териштирүү) жөнгө салат.
Бейтарап териштирүүнүн негизги принциптери - мыйзам жана бейтарап соттун алдында тараптардын теңдиги, бейтарап соттун чеминин аткарылышынын далилтартыштыгы жана милдеттүүлүгү.
1-Глава Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзамда белгиленген талаш-тартыштардан тышкары компетенттүү сотко караштуу инвестициялык талаш-тартыштарды, ошондой эле салыктык талаш-тартыштарды кошуп алганда, тараптардын макулдашуусу боюнча укук жагындагы жарандардын мамилелеринен келип чыгуучу талаш-тартыштарды бейтарап соттун чечүүсүнө өткөрүп берген учурда ушул Мыйзам колдонулат.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Бейтарап сот - бул жеке арбитр же арбитрлер коллегиясы.
Бейтарап териштирүү - тараптардын макулдашууларында же колдонулуучу эрежелерде же ушул Мыйзамда каралган тартипте талаш-тартышты кароо процесси.
Арбитр - тараптардын талаш-тартышын кароо үчүн алар тарабынан шайланган адам.
Бейтарап макулдашуу (арбитраждык эскертме) - талаш-тартышты бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө тараптардын макулдашуусу, ошондой эле талаш-тартышты бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берүүнү караган мыйзам ченеми.
Компетенттүү сот - Кыргыз Республикасынын тиешелүү соту.
Бейтарап териштирүүдөгү тараптар - доогер жана жоопкер. Өз кызыкчылыктарында доо койгон жарандар жана уюмдар, ошондой эле мамлекеттик бийлик жаыа жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары доогерлер болуп саналат. Доо талабы коюлган жарандар жана уюмдар, ошондой эле мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкер болуп саналат.
Колдонулуучу эрежелер - туруктуу иштеген бейтарап соттун эрежелери, жоболору, регламенттери жана дагы башка документтери.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Бейтарап соттордун түрлөрү жана укуктук абалы
1. Бейтарап макулдашууга же мыйзамга ылайык талаш-тартыштар туруктуу иштеген бейтарап соттун же бир жолку бейтарап соттун кароосуна берилиши мүмкүн.
Туруктуу иштеген бейтарап сот - бейтарап териштирүүнү ишке ашырууну камсыз кылуучу уюм.
Бир жолку бейтарап сот - белгилүү бир талаш-тартышты кароо үчүн тараптар тарабынан түзүлүүчү жана бул талаш-тартыш боюнча бейтарап териштирүү аяктаары менен өз ишин токтотуучу бейтарап сот.
2. Туруктуу иштеген бейтарап сот юридикалык жак болуп эсептелет жана өз ишин коммерциялык эмес уюм катары жүргүзөт.
Бейтарап териштирүүгө байланышкан бейтарап соттордун иши экономикалык иш болуп саналбайт.
4-статья. Бейтарап сотторду түзүү жана алардын иштөө тартиби
1. Бир жолку бейтарап сотту түзүү жана анын иштөө тартиби тараптардын макулдашуусу, ал эми тараптардын макулдашуусу аркылуу жөнгө салынбаган бөлүгүндө - ушул Мыйзам менен аныкталат.
2. Туруктуу иштеген бейтарап сотту түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Туруктуу иштеген бейтарап соттордун иши колдонулуучу эрежелер менен, ал эми колдонулуучу эрежелер менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу жөнгө салынат.
3. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдерде бейтарап сотторду түзүү жана алардын иштешинин башка эрежелери каралса, бул келишимдин эрежелери колдонулат.
5-статья. Талаш-тартышты бейтарап соттордун чечүүсүнө өткөрүп берүү
1. Ушул бейтарап сотко өткөрүп берүү тууралу тараптардын макулдашуусу же мыйзам күчүндө болгондо талаш-тартыш бейтарап соттун чечүүсүнө берилиши жана ал тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Компетенттүү сот тарабынан каралып жаткан талаш-тартыш бейтарап соттун чечишине өткөрүп берилиши мүмкүн, бирок бул талаш-тартыштын маани-маңызы боюнча сот чечим кабыл алганга же тараптар жарашуу келишимин түзгөнгө чейин гана болот.
2. Бейтарап соттун макулдашуусунун заты болгон маселе боюнча доо компетенттүү сотко берилгенде бейтарап макулдашуунун болгондугун ырастаган фактыларды тапкандан кийин, анын ичинде бул тууралу тараптардын биринен кабар келип түшкөндө ал доо арызын кабыл алуудан баш тартуусу керек же доону кароосуз калтыруусу керек, же иш боюнча өндүрүштү токтотуусу керек.
6-статья. Бейтарап соттун ишинин укуктук негизи
1. Бейтарап сот териштирүүнү бейтарап макулдашууда көрсөтүлгөн эрежелер боюнча ишке ашырат, ал эми мындай көрсөтмө болбогон учурда - бейтарап сот өзү тандаган же белгилеген эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
2. Бейтарап сот талаш-тартышты материалдык укуктун ченемдерине ылайык карайт, аларды тараптар келишимде же талаш-тартыштын маани-маңызына карата колдонуучу нерсе катары бейтарап макулдашууда аныкташат.
3. Колдонулуучу эреже жөнүндө макулдашуу болбогондо бейтарап сот талаш-тартышты кароодо колдонууга тийиш болгон укук ченемдерин өз алдынча аныктайт.
4. Бейтарап сот чечимди колдонулуучу укукка ылайык кабыл алат, ал эми колдонулуучу укуктардын жөнгө салынбаган бөлүгүндө - иштин кайталануу салты менен жүзөгө ашырат.