Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVII чакырылган Тамчы айылдык Кеңешинин
кезектеги II сессиясы
2019-жылдын 13-июну № 12
“Токой фондусунун жерлери” категориясынан башка багытка которуу жөнүндө
Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги, Гольф курортун долбоорлоо жана куруу максатында, Кош – Көл айылынын түштүк - чыгыш тарабындагы Тоң токой чарбасынын токой фондусунун 92,25 га жер тилкесин “Токой фонду жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категорияга которуу жөнүндөгү Ысык - Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жер боюнча комиссиясынын макулдашуу баракчасын карап, Тамчы айылдык Кеңеши
Токтом кылат:
1. Тамчы айыл Аймагынын Кош – Көл айылынын түштүк - чыгыш тарабында жайгашкан Тоң токой чарбасынын 92,25 га тилкеси “ Токой фонду жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга каршылыгыбыз жок экендигин билдиребиз.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланып, Мамлекеттик укуктук актылар реестерине киргизүү үчүн Облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин жер маселеси, агрардык реформа, айыл чарба маселелери жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча
Төрага | Э.Мусаев |