КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 4-июлу № 148
Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө
(КР 2016-жылдын 6-июлундагы N 99, 2019-жылдын 15-январындагы N 5 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(Преамбула КР 2019-жылдын 15-январындагы N 5 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) көмөкчү репродуктивдик технологиялары - пациенттин кош бойлуу болушуна багытталган бойго бүтүрүүнүн айрым же бардык баскычтары болочок эненин организминен тышкары өтө турган медициналык технологиялардын, дарылоо ыкмаларынын жана жол-жоболорунун жалпы аталышы;
2) карын энелик келишим - балалуу болууну каалаган адамдар менен жасалма уруктандыруу ыкмасын колдонууга же түйүлдүктү салууга жана аны төрөлгөнгө чейин көтөрүп жүрүүгө макулдугун берген аялдын ортосундагы макулдашуу;
3) салуу - уруктандырылган жумуртка клеткасын жатын көңдөйүнө салуу аркылуу жасалма уруктандыруу ыкмасы;
4) инсеминация - уруктандыруу максатында эркектин урук клеткаларын жатын көңдөйүнө салуу аркылуу жасалма уруктандыруу ыкмасы;
5) маалымдоо - кандайдыр бир сунуштамаларсыз, сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугу жөнүндө жалпы маалыматтарды жана (же) билимдерди берүү;
6) контрацепция - каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу ыкмалары жана каражаттары;
7) медициналык кийлигишүү - конкреттүү пациентке карата дарыгер же болбосо башка медициналык кызматкер тарабынан аткарылуучу алдын алуу, диагностикалык, дарылоо, реабилитациялоо же изилдөө багытындагы ар кандай текшерүү, дарылоо же консультация;