КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 13-июлу № 152
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 22-статьянын 3-бөлүгүндөгү "административдик камоо колдонулушу мүмкүн эмес" деген сөздөр "администрациялык камоо, коомдук иштер колдонулушу мүмкүн эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 40-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"40-1-статья. Коомдук иштерге тартуу
1. Коомдук иштерге тартуу укук бузуучунун негизги ишинен же окуусунан бош убакытта коомдун жана мамлекеттин пайдасына акысыз эмгекти аткарууда турат.
2. Коомдук иштер төрт сааттан кырк саатка чейинки мөөнөткө сот тарабынан дайындалат.
3. Коомдук иштер элүү беш жаштан өткөн курактагы аялдарга жана алтымыш жаштан ашкан эркектерге, кош бойлуу аялдарга, үч жашка чейинки курактагы балдары бар аялдарга, биринчи жана экинчи топтордогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана ушул Кодекстин 22-статьясында көрсөтүлгөн адамдарга колдонулушу мүмкүн эмес.
4. Коомдук иштерге түнкү мезгилде тартууга тыюу салынат. Укук бузуучуларды коомдук иштерге тартууда укук бузуучунун ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтире турган токсиндүү, радиактивдүү жана башка заттар пайдаланылууга тийиш эмес.".
3. 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 46-2-статья менен толукталсын:
"46-2-статья. Коомдук иштерге тартуу түрүндөгү администрациялык жаза-чарасын алмаштыруу
Коомдук иштерди аткаруудан кыянаттык менен баш тарткан учурда сот жаза чарасынын аталган түрүн ушул Кодексте белгиленген тартипте беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алуу менен алмаштырат.".