Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 14-июлу № 154
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 8-главада:
68-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"68-статья. Жеке, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган ишканалар жана уюмдар тарабынан белгиленген квоталардын эсебинен жарандарды жумушка алуудан негизсиз баш тартуу
Иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген квоталардын эсебинен жеке, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган ишканаларга жана уюмдарга жиберилген жарандарды жумушка алуудан негизсиз баш тартуусу, -
иш берүүчүлөргө же иш берүүчүлөрдүн кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
иш берүүчүлөргө же иш берүүчүлөрдүн кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз элүүдөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жана уюмдардын кызмат адамдарын ээлеген кызмат ордунан четтетүүгө алып келет.";
72-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "72-статья. Иш берүүчүнүн эмгек мыйзамдарын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө мыйзамдарды бузушу";
статьянын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "ишке жалдоочу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "иш берүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;