Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 21-июлу № 182
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 346-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 349-статьяда:
биринчи абзацында "жана" деген сөз "жана/же" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - отуздан элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
3. 350-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: