Документке
Мурунку28.07.2015

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 28-июлу № 199

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 11, 678-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

6-статьянын 2-бөлүгүндө "үч жылдын" деген сөздөр "эки жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 10, 471-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

32-статьянын 3-пунктунда "үч жылдан" деген сөздөр "менчик укугу пайда болгон учурдан тартып эки жылдан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 3 айлык мөөнөттө өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

А.Ш. Атамбаев

Жаңы16.12.2016

КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө киретТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 28-июлу № 199

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-берене.

"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 11, 678-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

6-статьянын 2-бөлүгүндө "үч жылдын" деген сөздөр "эки жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)