Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 16-апрели № 43

"Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 157-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

192-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"Эгер лицензияланган аянт же анын бөлүгү айылдык аймактын, шаардын чек араларына кирбесе, анда бул аянттагы жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдөр республикалык бюджетке жиберилет.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев