Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 23-мартындагы N 64 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 20-майы № 69
"Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 555-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө Мыйзамына" деген сөздөр "банкроттук жөнүндө мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-статьянын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 3 жана 4-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Риэлтордук ишти жөнгө салуучу мыйзамдар
Кыргыз Республикасынын риэлтордук ишти жөнгө салуучу мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана риэлтордук ишти регламенттөөчү башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
4-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн риэлтордук иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн риэлтордук иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
- риэлтордук ишти өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
- мамлекеттик бийлик органдарынын риэлторлор жана алардын бирикмелери менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу";
4) 6-статья күчүн жоготту деп таанылсын;