Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 22-июну № 87
Ломбарддардын иши жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 88, 2018-жылдын 22-декабрындагы № 105, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-майындагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) ломбард - жарандардын күрөөдө турган кыймылдуу мүлкүнүн ордуна кыска мөөнөттүү зайым берүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жак (адистештирилген уюм);
2) ломбарддардын иши - жарандардын күрөөдө турган кыймылдуу мүлкүнүн ордуна кыска мөөнөттүү зыйымдарды берүү боюнча лицензиясы бар юридикалык жактардын иши;
3) ломбарддын аймагы - зайымчыларды кабыл алуу, кыска мөөнөттүү зайымдарды берүү, финансылык документтерди, накталай акчаларды, күрөөгө коюлган мүлктү сактоо үчүн арналган негизги жайдын кайтарылуучу адистештирилген аймагы;
4) чакан габариттүү мүлк - ломбарддын аймагында орнотулган ломбарддын күйбөй турган сейфинде сакталган зергердик буюмдар, ошондой эле башка кыймылдуу мүлк;
5) ири габариттүү мүлк - ломбарддын аймагында сакталган кыймылдуу мүлк;
6) зайым боюнча документтер - ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасындагы жарандык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген зайым келишими, күрөө билети, ошондой эле башка документтер;
7) зайым келишими - ломбард менен зайымчынын ортосунда күрөө билетин берүү менен белгилүү мөөнөткө түзүлгөн келишим;
8) күрөө билети -кагаз түрүндө жана/же электрондук түрдө түзүлүүчү жана берилүүчү, зайым жөнүндө келишимге кол коюуда зайымчыга берилүүчү күрөөлүктү эсепке алуу документи;
9) күрөөлүк - күрөө жөнүндө келишимге ылайык күрөөгө коюлган мүлк күрөө коюучудан күрөө кармоочунун ээлигине берилген күрөөнүн түрү;
10) талап кылынбаган мүлк - ломбардга берилген жана зайым келишиминде аныкталган мөөнөттө зайымчы тарабынан талап кылынбаган мүлк.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Ломбарддардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Ломбарддардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, ломбарддардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
3-берене. Ломбарддардын ишин лицензиялоо
Ломбарддардын ишин лицензиялоо Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген орган лицензиар болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Ломбарддардын ишине карата негизги шарттар жана талаптар
1. Ломбарддын мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган "ломбард" деген сөздү жана анын уюштуруучулук-укуктук формасына көрсөтмөнү камтыган аталышы болууга тийиш.
Ломбард Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча жоопкерчилик менен же толук шериктик коом формасында түзүлөт жана мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жак статусуна ээ болот.
2. Ломбард өзүнүн иш процессинде өз каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын кредит чөйрөсүндөгү жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте кредиттик уюмдардан жана башка уюмдардан алган кредиттерди пайдалана алат.
3. Ломбард жүгүртүүдөн алып салынган мүлктү, ошондой эле жүгүртүүсү чектелген мүлктү кошпогондо, кыска мөөнөттүү зайымдарды берүү максатында паспортту же зайымчынын инсандыгын күбөлөндүргөн башка документти көрсөткөн 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле чет элдик жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан жеке керектөө үчүн арналган кыймылдуу мүлктү күрөөгө алууга укуктуу.
4. Ломбард ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана күрөө жөнүндө мыйзамдарда каралган иштерди жүзөгө ашырат.
5. Ломбард ушул Мыйзамдын 12-беренесинде каралган учурду кошпогондо, күрөөгө коюлган мүлктөрдү тескөөгө укуксуз.
6. Ломбард күрөөгө коюлган чакан габариттүү мүлктү ломбарддын күйбөгөн сейфтеринде, ал эми ири габариттүү мүлктү - ага менчик укугунда же ижара укуктарында таандык болгон ломбарддын аймагында сактоого милдеттүү.
Эгерде жоготууну же бүлдүрүүнү болтурбоого болбогон күчтүн, башкача айтканда, ал шарттарда өзгөчө жана болтурбоого болбогон жагдайлардын (форс-мажор) айынан болгондугун далилдей албаса, ломбард күрөөгө коюлган мүлктүн жоголушу же бүлүнүшү үчүн жоопкерчилик тартат.
7. Ломбарддын аймагында күрөөгө коюлган мүлктү сактоо үчүн анын сакталышын жана ага башка адамдардын жеткиликтүүлүгүн болтурбоону камсыз кылуучу шарттар түзүлүүгө тийиш.
Ломбардга күрөөгө коюлган ири көлөмдүү мүлктүн укук ченемсиз пайдаланылышына жол бербөө максатында ал пломбаланууга жатат.
8. Отчеттуулук тартиби жана формасы, ломбарддын ишин уюштурууга карата минималдык талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
9. Ломбарддын кардарларды тейлөөнү жүзөгө ашыруучу бардык жайларында төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган стенддер жайгаштырылууга тийиш:
1) ломбард тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары жана тартиби тууралуу;
2) ломбарддын кызмат көрсөтүүлөрүн алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги жөнүндө;
3) ломбарддардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеги жөнүндө;
4) ломбардда колдонулуучу учурдагы пайыздык ставкалар жөнүндө;
5) натыйжалуу пайыздык ставка жөнүндө;
6) кардарлардын укуктары жөнүндө.
10. Ломбард өз ишин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жетекчиликке алууга милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 88, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-берене. Күрөөгө берилүүчү мүлктү баалоо
Күрөөгө берилүүчү мүлктү баалоо ломбард тарабынан аны күрөөгө кабыл алуунун учурунда жана жеринде соодада белгиленүүчү мындай түрдөгү жана сапаттагы мүлккө болгон бааларга ылайык тараптардын макулдашуусу боюнча жүргүзүлөт.
6-берене. Ломбард күрөөгө кабыл алган мүлктү камсыздандыруу
1. Ломбард күрөөгө коюлган мүлктү соодада мындай түрдөгү жана сапаттагы мүлккө пайдаланылуучу жана күрөөгө кабыл алууда аныкталуучу баалар боюнча зайымчынын пайдасына өз эсебинен толук наркта камсыздандырууга милдеттүү.
2. Ломбард күрөөгө коюлган мүлктү зайымчынын эсебинен мажбурлап камсыздандырууга укуксуз.
2-глава. Ломбарддарда зайым берүүнүн тартиби
7-берене. Зайым келишими
1. Зайым келишимин түзүүдө ломбард тарабынан зайымчыга күрөө билетин берүү жүзөгө ашырылат жана ар бир зайымды берүүдө ломбард жаңы күрөө билетин берет.
2. Зайым келишиминин шарттары боюнча ломбард зайымчыга белгилүү мөөнөткө кыска мөөнөттүү зайымды Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында берет.
3. Зайым келишимин түзүүдө ломбард кайтарып берүүнүн жана ордун толтуруунун негизинде зайымчыга бир жылдан ашык эмес мөөнөткө акча каражаттарын берет. Зайымчы күрөө предмети болуп саналган мүлктү ломбардга өткөрүп берет.
4. Зайым келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана ага тараптар кол коёт. Зайымдын суммасы зайымчыга берилген жана күрөөгө коюлуучу мүлк ломбардга өткөрүп берилген учурдан тартып зайым келишими түзүлдү деп эсептелет.
Эгерде анын суммасы эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эседен кем эмес ашса, зайым келишими нотариалдык формада түзүлөт.
5. Күрөөгө коюлган мүлктүн аталышы, ушул Мыйзамдын 5-беренесине ылайык жүргүзүлгөн аны баалоонун суммасы, берилген зайымдын суммасы, зайымдын пайыздык ставкасы жана аны берүүнүн мөөнөтү зайым келишиминин олуттуу шарттары болуп саналат.
6. Ломбарддын зайымынын жол берилген жылдык натыйжалуу пайыздык ставкасынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган орточо салмактап алынган номиналдуу пайыздык ставкага жараша эсептелип, ага 12 пайыз кошулат.
(КР 2024-жылдын 23-майындагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)