КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 30-июну № 94
"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 315-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 31-статья менен толукталсын:
"31-статья. Жөнгө салуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам кургак учук менен ооруганда жарандардын укуктарын, милдеттерин жана социалдык кепилдиктерин регламенттейт, Кыргыз Республикасында калкты кургак учуктан сактоо боюнча иш-чараларды уюштуруунун жана укуктук жөнгө салуунун тартибин аныктайт.";
3) 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кургак учукка каршы иш-чараларды уюштуруу боюнча ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кургак учукка каршы иш-чараларды уюштуруу максатында:
- Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы иш-чараларды жүргүзүү боюнча башкы мекемелерди аныктайт;
- республиканын калкына кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнүн тартибин аныктайт;
- республиканын калкына кургак учукка каршы жардам уюштуруу боюнча узак мөөнөттүү комплекстүү программаларды бекитет жана алардын ишке ашырылышына көзөмөл жүргүзүүнү уюштуруу тартибин аныктайт;