Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 30-июну № 95

"Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 665-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;

2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-статья менен толукталсын:

"11-статья. Мыйзамдын жөнгө салуу предмети

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында кандын жана анын компоненттеринин донорлугун өнүктүрүү жана кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу боюнча укуктук, социалдык, экономикалык, медициналык иш-чаралардын комплексин камсыз кылууга байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салат.";

3) 2-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жаатындагы ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) Кыргыз Республикасында кандын жана анын компоненттеринин донорлугун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырат;

2) кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштурууга, өнүктүрүүгө жана пропагандалоого багытталган мамлекеттик программаларды иштеп чыгат, каржылайт жана ишке ашырылышын контролдойт;