Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 27-июлу № 152

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 514-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-статьянын 3-пунктунда:

экинчи абзац "жарандар мамлекеттик" деген сөздөрдөн мурда "ушул Мыйзамды бузууга байланыштуу берилүүчү даттанууларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

расмий тилдеги төртүнчү абзацында "законодательством" деген сөз "законами" деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5-статья. Маалыматтарга жетүүгө чектөөлөр

1. Маалыматтарга жетүүгө чектөөлөр төмөнкүдөй максаттарда белгиленет:

1) улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоо;

2) калктын ден соолугун же адеп-ахлагын сактоо;

3) башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо.

2. Жетүүгө чектөөлөр төмөнкүдөй маалыматтарга карата белгиленет: