Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 23-декабры № 217
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 конституциялык Мыйзамынын, КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына, 2025-жылдын 9-октябрындагы № 207 конституциялык Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 Конституциялык Мыйзамына ылыйык күчүн жоготту)
4-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-октябрындагы № 207 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене.
"Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, ст.725) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
14-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "жана Аскердик соту" деген сөздөр алып салынсын.
6-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, ст.116) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-берененин он биринчи абзацында "Аскердик сот," деген сөздөр алып салынсын.
7-берене.