КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 28-январы № 15
Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамы менен 2017-жылдын 1-июлунан колдонууга киргизилет)
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 100, 2020-жылдын 17-августундагы № 135, 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2024-жылдын 12-январындагы № 11, 2024-жылдын 16-февралындагы № 51, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I БӨЛҮМ. АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮНҮН НЕГИЗГИ ЖОБОЛОРУ
1-глава. Негизги жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары, жөнгө салуу предмети жана колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзамдын максаты аткаруу документтерин реалдуу, толук жана өз убагында аткарууну камсыз кылуу болуп саналат.
2. Ушул Мыйзам аткаруу документтерин аткарууга байланыштуу келип чыгуучу коомдук мамилелерди жөнгө салат.
3. Ушул Мыйзам аткаруу өндүрүшүнүн укуктук, уюштуруучулук жана экономикалык негиздерин, аткаруу документтерин ыктыярдуу жана мажбурлап аткартуунун шартын жана тартибин аныктайт, ошондой эле сот аткаруучулардын укуктук статусун жана алардын ыйгарым укуктарын белгилейт.
2-берене Аткаруу өндүрүшүнүн милдеттери жана принциптери
1. Аткаруу өндүрүшүнүн милдети жеке жана юридикалык жактардын бузулган укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтирүү болуп саналат.
2. Аткаруу өндүрүшү төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырылат:
1) аткаруу документтерин аткаруунун мыйзамдуулугу жана милдеттүүлүгү;
2) аткаруу иш-аракеттерин өз убагында жасоо;
3) диспозитивдүүлүк;
4) аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын процесстик теңдиги;
5) сот аткаруучунун көз карандысыздыгы;
6) карызкордун - жеке жактын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн тиричилиги үчүн зарыл болгон мүлктүн минимумунун кол тийгистиги.