Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 16-марты № 43
2016-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында Сарымсак ирригациялык системасын өнүктүрүү долбоорун каржылоо жөнүндө Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2017-жылдын 9-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2016-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында Сарымсак ирригациялык системасын өнүктүрүү долбоорун каржылоо жөнүндө Кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте дипломатиялык каналдар аркылуу Ислам өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 21-мартында № 38 (2763) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |