Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 8-апрели № 56
2016-жылдын 20-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Федералдык Кеңешинин ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза алуудан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2017-жылдын 2-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2016-жылдын 20-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Федералдык Кеңешинин ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза алуудан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги швейцария тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 11-апрелинде № 44 (2769) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |