Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 29-апрели № 71
2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, 1 жана 3-БАРЭК коридорлору) ратификациялоо тууралуу
2017-жылдын 13-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, 1 жана 3-БАРЭК коридорлору) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Азия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 16-майында № 59 (2784) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |