Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 3-майы № 72
2016-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Кыргыз Республикасында аудитти жана финансылык отчеттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында грант берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу
2017-жылдын 5-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2016-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Кыргыз Республикасында аудитти жана финансылык отчеттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында грант берүү жөнүндө макулдашуу-кат ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк банк) жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 5-майында № 54-55 (2779-2780) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |