Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 4-майы № 74

"Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 30-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

"Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 11, 900-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 11-статья менен толукталсын:

"11. Жөнгө салуу предмети

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында ВИЧ/СПИДдин таралышынын алдын алуу, ВИЧ/СПИД менен жашаган адамдардын укуктарын коргоо боюнча иш-чаралардын тутумун, Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин мыйзамдык жөнгө салуу тартибин аныктайт.";

3) 2-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 7-статьянын 6-бөлүгүндө "саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 19-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.