Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 6-июну № 97
2016-жылдын 23-ноябрында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 8-сентябрындагы "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун колдонулуу мөөнөтүн узартуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
2017-жылдын 26-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2016-жылдын 23-ноябрында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 8-сентябрындагы "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун колдонулуу мөөнөтүн узартуу тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Евразия экономикалык комиссиясына көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 13-июнунда № 71 (2796) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |