КР 2025-жылдын 6-августундагы N 188 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 30-майы № 94
"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 20-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин тоо" газетасы, 1992-жылдын 4-августу, № 99) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-5-бөлүктөр менен толукталсын:
"Мезгилдүү басылманын өзүнчө номеринин нускасы же нускасынын бир бөлүгү, телеканалдын, радиоканалдын, радиопрограмманын, телепрограмманын, кинохроникалык программанын, программанын уктурма- же көрсөтмө жазылмаларынын нускасы же нускасынын бир бөлүгү, башка массалык маалымат каражатынын өзүнчө чыгарылышы массалык маалымат каражаттарынын продукциясы деп түшүнүлөт.
Мезгилдүү басылманы сатуу, жазылуу, жеткирүү, таратуу, программанын уктурма-же көрсөтмө жазылмалары, телеканалды, радиоканалды берүү (телекөрсөтүү, радио берүү), тиешелүүлүгүнө жараша телеканалдын, радиоканалдын курамында телепрограмманы, радиопрограмманы берүү, кинохроникалык программаны көрсөтүү, таратуунун башка ыкмалары массалык маалымат каражаттарынын продукциясын таратуу деп түшүнүлөт.
Редакциядан тышкары массалык маалымат каражаттарынын продукциясын таратуучусу редакция, анын ыйгарым укуктуу адамы, басып чыгаруучу менен келишим боюнча же башка мыйзамдуу негиздерде кандай гана болбосун жеке же юридикалык жак боло алат.";
2) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Массалык маалымат каражаттарынын өндүрүштүк-чарбалык иши
Массалык маалымат каражаттарынын иши алардын продукцияларын сатуунун жана башка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен, ошондой эле уюштуруучулардын, демөөрчүлөрдүн каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түшүүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат.
Массалык маалымат каражаттарын жашыруун булактардан финансылоо максатында акча каражаттарын жана башка мүлктү алууга тыюу салынат.";
3) 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: