Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150

Мыйзамына ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 25-июлу № 139

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2017-жылдын 29-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьяда:

а) 15-пункттунда:

расмий тилдеги "орошаемая" деген сөз алып салынсын;

пункт "виноградниками," деген сөздөн кийин "залежи," деген сөз менен толукталсын;

мамлекеттик тилдеги "эгилме аянттар" деген сөздөр "кысыр аңыздар, маданий жайыттар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) мамлекеттик тилдеги 26-пункттунда "күрөөгө калтырылган жерлер" деген сөздөр "кысыр аңыздар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) мамлекеттик тилдеги 30-статьянын 1-пункттунда "көптөн бери пайдаланылбаган" жана "көп жылдык бак-дарактар отургузулган жерлер" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "кысыр аңыздар" жана "көп жылдык мөмө-жемиш дарактары өстүрүлгөн жерлер" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) мамлекеттик тилдеги 74-статьянын 1-пунктту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Сугат жана кайрак жерлер, кысыр аңыздар, көп жылдык мөмө-жемиш дарактары өстүрүлгөн жерлер, маданий жайыттар, чөп чабыктар жана түп-тамырынан жакшыртылган жайыттар өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине кирет.".