Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 25-июлу № 146
2017-жылдын 30-мартында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык келишимди түзүүчү "Бишкек-Ош авто жолундагы көчкүгө каршы коргоо" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана 2017-жылдын 31-мартында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Бишкек-Ош авто жолундагы көчкүгө каршы коргоо" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
2017-жылдын 21-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
Төмөнкүлөр ратификациялансын:
- 2017-жылдын 30-мартында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек-Ош авто жолундагы көчкүгө каршы коргоо" долбоору боюнча алмашуу ноталары;
- 2017-жылдын 31-мартында Токио шаарында кол коюлган "Бишкек-Ош авто жолундагы көчкүгө каршы коргоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы гранттык макулдашуу.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги япониялык тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-августунда № 91 (2816) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |